• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мирзахмедов: Жалал-Абад облусунда умрадан келген 51 адам обсервацияга жаткырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Умрадан учуп келгендердин ичинен Жалал-Абад облусундагы 51 адам обсервацияга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунда өткөн маалымат жыйында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, обсервацияга киргизилген адамдар менен байланышта болгон 1 миң 122 адам көзөмөлгө алынды.

"51 жаран менен байланышта болгондордун баары үйлөрүндө дарыгердин көзөмөлүндө. Бүгүн штабда аларды эки категорияга бөлүү маселесин карадык. Биринчи категорияга алардын жакын туугандары, экинчисине алыскы туугандары кирди. Ошондой эле биринчи категорияга киргендерди обсервацияга алып барабыз деген ойдобуз", - дейт ал.

Мирзахмедов элди дүрбөлөңгө алдырбоого чакырат.

Эскерте кетсек, Сузак районунда үч кыргыз жаранында коронавирус аныкталды. Алар Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий