• 84.79
  • 96.23
  • 1.13

Мирзиёев Анжияндын "урушчаак" акимин сындады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысын «шайтан, айбан, импотент», саламаттыкты сактоо министрин «айбан, министр сөрөй» деп кемсинтен Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахмановду сынга алды.

Шавкат Мирзиёев 5-июлда өткөн видеоселектордук жыйында Шухрат Абдурахмановдун жооруктары тууралуу кабары бар экенин айтты.

«Мен сени сыйлайм. Бирок Интернетте сен тууралуу тараган маалыматтарды угуп жаман болдум. Өзүңдү карма», – деди Мирзиёев.

Аким күнөөсүн сезгенин айтып, кечирим сурады.

2019-жылы июнь айында Анжиян облусунун башчысы облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Абдурахмановду жыйын учурунда катуу тилдеген. Буга башкармалыктын кызматкери акимдин үстүнөн Башкы прокуратурага даттанганы себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий