• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мирзиёев Азиядагы “Жылдын адамы” деп таанылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.12.18 /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Азия журналисттер ассоциациясынын (АЖА) версиясы боюнча Азиядагы “Жылдын адамы” деп табылды. Бул тууралуу өзбек ЖМКларына шилтеме берип "Тренд" агенттиги жазып чыккан. Ал эми бул тууралуу маалыматты түштүк кореялык The Korea Times басылмасы тараткан.

Жеңүүчүлөрдү ассоциациянын мүчөлөрү жана ал чөлкөмдүн ар бир өкүлүнүн баасы жана сунуштамасына таянып атайын калыстар аныктаган.

Өзбекстандын мамлекет башчысы “Саясат” номинациясында жеңүүчү болду. Бул наам ага Борбор Азияда тынчтык орнотууга кошкон чоң салымы жана коңшу өлкөлөр менен болгон кызматташтыкты активдүү жүргүзгөндүгү үчүн берилген.

Жеңүүчүлөрдүн катарында LG Group’тун ардактуу төрагасы Ку Бон Му, египеттик кардиохирург Магди Хабиб Якоб жана Вьетнамдын футбол боюнча курамасынын машыктыруучусу Пак Хан Со бар.

Пикир

Оставить комментарий