• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мирзиеев депутаттар менен парламент сенаторлорун социалдык түйүндө баракча ачууга чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев бардык депутаттар жана парламенттин сенаторлорун социалдык түйүндөрдө баракча ачуусун талап кылды. Бул тууралуу “Podrobno.uz” билдирди. Өзбекстандын президентинин пикиринде, жарандар алар шайлаган депутаттардын ишмердүүлүгүн социалдык түйүндөр аркылуу билип турушу шарт.

Ал депутаттар социалдык түйүндөрдө өздүк баракчаларын ачуусу керек деди. Бул өз кезегинде эл менен болгон түз байланыш деп эсептелип, маселелерди тез арада чечүүгө жол ачат деп билдирди.

“Сиздер өзүңүздөрдүн баракчаңыздарды ачып, ал жакка бардык аткарган жумуштарыңыздар боюнча толук маалыматтарды жүктөп турушуңуздар керек. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер бул системага өткөнүнө көп болду”, -деп кайрылды Мирзиеев депутаттарга жана парламент сенаторлоруна парламенттеги мыйзамдуулук палатасынын селектрдик жыйынында.

Маалымат технологиясын өнүктүрүү жана коммуникация министри Шерзод Шерматовго бул маселе боюнча иш алып баруусун тапшырды. Президенттин айтымында, партиялар бүгүнкү күнү электораттарына берген убадаларын аткаруудан алыс, ал эми мыйзамдуулук палатасындагы алардын фракциялары эч кандай демилге же сунуш көтөрүшкөн жок.

Президент мисал катары төмөнкү сандарды келтирди: 2015-жылдан тартып 2017-жылга чейин парламент тарабынан 55 мыйзам кабыл алынган, бирок алардын бирөөсүн дагы фракция сунуштаган эмес. “Бир дагы! Бул факт саясий партиялардын ишмердүүлүгүнөн кабар бербейби?”,-деп нааразы болду Шавкат Мирзиеев.

Өзбекстандын парламенти эки палатадан турат - төмөнкү (мыйзам чыгаруучу палата) жана жогорку (Сенат). Депутаттар беш жылдык мөөнөткө шайланышат.

Парламентте жалпысынан 150 депутат бар. Алар “Либералдык-демокартиялык партиясынан”, “Улуттук кайра жаралуу” демократия партиясынан, “Өзбекстандын элдик-демокартия партиясы”, “Адилеттүүлүк” социал-демократиялык партиясы жана “Өзбекстандын экологиялык кыймылы” саясий партияларынын өкүлдөрү.

Булак: “Podrobno.uz”

Пикир

Оставить комментарий