• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мирзиёев газды экспорттоону кыскартууну тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Өзбекстандын газ менен камсыздоо тутуму учурда суткасына 20 миллион кубометр газга муктаж. Анын натыйжасында миңден ашуун аймакта жаратылыш газынын басымы түшүп кетти.

Бул тууралуу 16-декабрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев видеоселектордук жыйын учурунда билдирди.

"Баарыбызга белгилүү, газ системасына байланыштуу маселелер бүгүн эле чыккан жок, бизди отуз жылдан бери кыйнап келатат. Бирок муну эч ким актануу катары колдоно албайт. Элибизге газ керек ", - деди президент.

Мирзиёев калктын муктаждыгын камсыздоо үчүн газды экспорттоону кыскартууну талап кылды. Мунун эсебинен аймактарга суткасына кошумча 708 миллион кубометр газ жеткирилет.

Жыйын учурунда өндүрүш объектилерин отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кыш маалында саатына кошумча 10-12 миллион киловатт электр кубатын өндүрүү зарылдыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий