• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Мирзиёев камактагы 575 адамга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орозо айт майрамына карата «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мамлекет башчынын жарлыгы менен жалпысынан 575 жаранга мунапыс берилет. Алардын 361и жазаларынан толук кутулса, дагы 214 адамдын жаза мөөнөттөрү кыскарат.

Мунапыска илингендердин жетөөсү 60 жаштан ашкан, алтоосу аял жана дагы бирөөсү чет өлкөлүк жаран.

Пикир

Оставить комментарий