Мирзиёев кыйноолор тууралуу жарлык кабыл алуу оор болгонун айтты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.12.17 /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Конституциянын 25 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөп жатып, кыйноолорго каршы жарлык кабыл алуу оңой эмес болгонун билдирди.

30-ноябрда президент Шавкат Мирзиёев далилдерди кыйноо жолу менен чогултууга жана аларды сотто колдонууга тыюу салган жарлык кабыл алган.

"Бул жарлыкты кабыл алуу оңой болгон жок. Себеби ал баарына эле жага бербеди. Бирок убакыт өткөн соң бул жарлык элибизге жагат деп ойлойм. Анткени биз эркин жана ачык коомду кургубуз келет. Дүйнөгө болгон көз карашыбызды өзгөрткүбүз келет. Буларды эске алуу менен баарын өз ордуна коюуга мезгил жетти", – деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбек президенти жарлык элдин талабынын негизинде кабыл алынганын белгиледи.

Мирзиёев Өзбекстандагы түрмөлөргө видеокөзөмөл камералары орнотуларын айтты. Кыйноо учурлары катталса, прокуратура кызматкерлери тыкыр текшеришерин жана күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын камсыздашарын билдирди.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий