• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мирзиёев өлкөнүн жаза аткаруу системасын жаңылоону сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. Өзбекстанда камактагы адамдар туугандары менен видеожолугушуулар аркылуу сүйлөшүү укугуна ээ болушат. 11-августта өлкө президенти Шавкат Мирзиёев жазаларды аткаруу системасын реформалоо боюнча бир катар чараларды бекитти.

Мамлекет башчынын программалык буйругуна ылайык, абактагыларды көзөмөлдөө боюнча заманбап техникалык каражаттарды жана дисциплинардык жазаларды эсептөөнүн автоматташтырылган системасын киргизүү пландалууда.

Андан тышкары корголгон каналдар аркылуу Жазаларды аткаруу кызматы менен анын аймактардагы бөлүмдөрүнүн ортосунда видеоконференция системасын киргизүү каралууда. Мамлекет башчы аны соттолгон адамдар менен алардын туугандары жана жакындарынын аралыктан видеожолугушууларын өткөрүү үчүн киргизүүгө уруксат берди.

2022-жылга чейин ишке ашыруу каралган жаңылоо планы абактарга толугу менен чарбалык эсепке жана өзүн-өзү каржылоого өтүүнү сунуштайт. Президент Мирзиёев башка жарлыгы менен жазаларды аткаруу мекемелерин 2023-жылдын 1-январына чейин салыктын бардык түрүнөн жана мамлекеттик максаттуу фонддорго милдеттүү акча которуудан бошотту.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий