• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мирзиёев менен Медведев өзбек-орус мамилелерин талкуулашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2-ноябрда Ташкентке расмий сапар менен келген Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевди кабыл алды.

Жолугушуу учурунда орус-өзбек мамилелерин кеңейтүү, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий-гуманитардык карым-катнашты жакшыртуу маселелери талкууланды.

Бүгүн, 3-ноябрда Ташкентте КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны башталды.

Жыйынга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия,Тажикстандын премьер-министрлери жана КМШ уюмунун Аткаруучу комитетинин катчысы Сергей Лебедев катышууда.

Ташкентте өтүп жаткан саммитке 18 документтин долбоору киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий