• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мирзиёев менен Рахмон «Амузанг – Хашади» темир жол каттамын ачышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон 9-мартта «Амузанг – Хашади» темир жол каттамын ачышты. Телемост режими аркылуу эки өлкө лидерлери бул линия менен Өзбекстандан Тажикстанга багыт алган алгачкы поездге күбө болушту.

Буга чейин эки өлкөнү Кудукли жана Бекабад станциялары аркылуу өткөн темир жол гана байланыштырып турган. Эми Амузанг станциясы ишке кирди. Бул жерде чек ара жана бажы кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы темир жол каттамы Түркмөнстан менен Ооганстанга дагы чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Расмий маалыматтар боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жакшы шарттар түзүлүп, жаңы багыттар ачылат.

Эки өлкөнүн Ооганстан менен чек арасын бойлой салынган Амузанг-Галаба темир жолунда алты жылдан ашык убакыттан бери поезд жүргөн эмес.

Өзбекстан 2011-жылдын 17-ноябрь айында темир жолдун Ооганстанга жакын жайгашкан бөлүгүндө “жардыруу” болгонун билдирип, муну “террорчул акт” деп мүнөздөгөн. Аны улай маркум Ислам Каримов башында турган өзбек бийлиги оңдоп-түзөө иштерин жүйө кармап, аталган темир жолду жаап койгон.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий