• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мирзиёев Орозо айттын алдында камактагы 258 адамга ырайым берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Рамазан айынын аяктагандыгына байланыштуу «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 258 кишиге ырайым берилет. Алардын ичинен 16 жаран негизги жазадан толугу менен бошотулса, 101и мөөнөтүнөн мурда шарттуу эркиндикке чыгат. Мындан тышкары 24 адамдын жазасы жеңилдетилип, 117 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Мунапыска илингендердин арасында 60 жаштан ашкан жети эркек жана бир аял, чет өлкөлүк жети жаран жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн соттолгон 164 адам бар.

Пикир

Оставить комментарий