• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мирзиёев Парижге барды: Ал Франциянын Сенатынын төрагасы жана ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.10.18 /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ, 8-октябрда Францияга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу Podrobno.uz. сайты кабарлады.

"Орпи" эл аралык аэропортунда Өзбекстандын делегациясын салтанаттуу тосуп алышты. Мамлекет башчысы Бириккен улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы директору Одри Азуле жана Франциянын Сенатынын төрагасы Жерар Ларше, ири француз компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Сапардын негизги иш-чаралары бүгүнкү күнгө белгиленген. Күн тартибине саясий диалогдун алдыдагы өнүгүү маселелери, соода-экономикалык жана финансылык тармактарда практикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери, ар түрдүү тармактарда инвестициялык долбоорлорду бирге ишке ашыруу, ошондой эле маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүү кирген.

Жолугушуунун жыйынтыгында 10дон ашык өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу күтүлүүдө. Анын ичинде экономика жана финансы, таранспорт, туризм, экология жана маданият, искусство тармактарында өз ара аракет тууралуу макулдашуу бар.

Пикир

Оставить комментарий