• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мирзиеев Польшадан келген туристтер үчүн виза берүүнү жөнөкөйлөттү

Дүйнө 0

Ташкент. 13.09.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Польша республикасынан келген туристтер үчүн виза тартибин жөнөкөйлөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин расмий сайтында маалымдалат.

Документке ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тарта Польшалык туристтер үчүн 30 күнгө чейинки убакыт боюнча берилүүчү виза эки жумушчу күндүн ичинде даярдалып берилмекчи.

Ошондой эле туристтер үчүн туристтик жолдомолор жана Өзбекстандын атайын уюмдарынын чакыруу сунуштама талаптары алынып салынды.

Пикир

Оставить комментарий