• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мирзиеев президент Жээнбековду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.20./Кабар/. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Чындыгында, бул жаркыраган майрамды чоң шыктануу жана кубаныч, чыдамсыздык жана көксөгөн ой-кыял менен ар дайым күтүп алган эки бир тууган элибиздин жалпы салт-санаасын жана баалуулуктарын байыркы Нооруз өзүнүн кайталангыс көркөмдүгү жана терең маани-маңызы менен ишке ашырат. Соңку жылдардагы бергелешкен иш-аракеттерибиз менен мамлекеттерибиздин ортосундагы ак ниет коңшулук жана стратегиялык шериктештик мамилелерибиз жаңы баскычка көтөрүлгөнүн тааныган шартта сиз менен болгон баарлашуулар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар көп кырдуу жана эки жакка тең пайдалуу кызматташтыкка кызмат кыларын өзүнчө белгилеп айткым келет», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, эсенчилик жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий