• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мирзиёев Президент Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 14.06.18 /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Ыйык Рамазан айт майрамы кирип келген бул жаркын күндөрдө сиздин урматыңызга чын ниетимден куттуктоо жана жылуу каалоо тилектерди жолдоп жатканым мага чоң кубаныч тартуулайт.

Биздин өлкөлөрүбүздүн элдерин бириктирип турган тарыхый достук жолу, жакшы кошуналык, көп кырдуу кызматташтык жана өз ара пайдалуу мамилебиз биргеликте жасаган аракетибиздин аркасы менен дагы да өнүгөт деп терең ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге узун өмүр, чың ден-соолук, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүүнү Жараткандан тилейм", - деп белгиленет Өзбекстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий