• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мирзиёев: Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достукка таасирин тийгизбеши керек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достукка, жалпы пландарга таасирин тийгизбеши керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана шаарында облус жана район башчыларынын катышуусунда өткөн кеңешмеде билдиргенин Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жазат.

“Акыкы жылдары коңшу мамлекеттер менен чек арадагы көйгөйлүү маселелерди чече алдык. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достукка, жалпы пландарга таасирин тийгизбеши керек. Биз сабырдуу, чыдамдуу, кайрымдуу болушубуз зарыл. Кошуна − миң жылдык. Биздин элдер жанаша жана бири-бирин сыйлап жашашы керек”, - деген ал.

Эскерте кетсек, 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасында Кадамжай районунун (Баткен облусу) Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда булак талаштан чыр чыккан.

Окуядан кийин окуяны жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара, бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий