• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мирзиеев Өзбекстандын ММК өкүлдөрүн оюн эркин билдирген аянтча болуп берүүгө чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев бейшемби күнү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн 27-июнь кесиптик майрамы менен куттуктады.

Анын айтымында, массалык маалымат каржаттарын чыныгы төртүнчү бийлик болушуна шарт түзүү негизги маселе болууда.

“Элдин көйгөйү мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөндө гана биз алдыга койгон максатыбызга жетебиз. Мындан улам ар бир ММК эл менен бийликтин ортосундагы эркин аянтча болушу шарт”,- деп жазылат куттуктоодо.

Ошондой эле, президент Өзбекстандык ММКларды өлкөдөгү актуалдуу маселелердин чагылдырылбай жатканы, туура сын- пикирлердин чагылдырылышын көрбөй жатканын билдирген.

Мирзиеев өнүгүүгө жолтоо болгон маселелерди, тагыраагы паракорчулук, көңүл коштук, бюрократизмди ачык көтөрүп чыгууга чакырган.

Учурда Өзбекстанда 1,5 миңден ашык ММК - гезит, журнал, радио, телеканал жана интернет агенттиктери иштейт.

Булагы Trend

Пикир

Оставить комментарий