• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мирзиёев Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«Бул майрамда биз бири-бирине жөлөк-таяк болуп салгылашып, дүйнөнү фашизм коркунучунан сактап, жалпы жеңишке зор салым кошкон ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин эстеп, терең ыраазычылык менен алардын жаркын элестерин эскеребиз. Согуш талааларында каармандык менен салгылашкан, тылда жан аябай эмгектенген ардактуу ардагерлерибизге сый-урмат менен мамиле кылабыз, аларга бүгүнкү ачык асман, бейпил турмуш үчүн ар дайым ыраазыбыз.

Биздин жогорку деңгээлдеги диалогубуз жана ортобузда жетишилген макулдашууларды толугу менен жүзөгө ашыруу түбөлүк достукка, ынак коңшулукка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө кызмат кылат деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, ишине албан ийгиликтерди жана боордош кыргыз элине ар дайым бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий