• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мирзиёев Жээнбековго жана кыргыз элине куттуктоо жолдоду

Саясат 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Президенти Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын дос элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Биздин бир тууган элдерибиз ийиндеше катаал сыноолорго туруштук берип, Жеңиш күнүн жакындатууга зор салым кошкон. Ата-бабаларыбыздын улуу эрдиги биз үчүн каармандыктын, мекенчилдиктин жана Мекенге берилип кызмат кылуунун ачык-айкын үлгүсү болуп саналат.

Бүгүн биз өмүрүн курмандыкка чалып тынчтыкты жана эркиндикти коргоп калгандардын жаркын элесине терең таазим этебиз. Кан майданда жана оорукта эрдик, каармандык жана баатырдык көрсөткөн ардагерлерибизге чексиз ыраазыбыз. Алардын даңктуу эрдиги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн, Борбордук Азия аймагында тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук, жакшы коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мындан ары бекемделе берет деп ишенем”, - деп телеграммада белгиленген.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп өнүгүү жана прогресс каалады.

Пикир

Оставить комментарий