• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштаган депутат пара менен кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Наманган облусунун кеңешинин депутаты, Өзбекстан Либералдык-демократиялык партиясынын мүчөсү Олимжон Тухтаназаров 22-сентябрда жергиликтүү жашоочудан пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ал “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу аркылуу көз боёмочулукка баруу”, “Кылмыш жасоого шерик болуу”, “Пара алуу” беренелери боюнча айыпталууда. Тухтаназаровдун депутаттык кол тийбеситигин алууга Наманган облустук кеңеши макулдук берген.

Наманган облустук прокуратурасы маалымдагандай, мурда камалып, кызматынан бошотулган аймактагы мектеп директорлорунун бири депутат Олимжон Тухтаназаровго жардам сурап кайрылган. Эл өкүлү Элдик билим берүү башкармалыгындагы тааныштары аркылуу соттун чечимин жокко чыгартып, жумушун калыбына келтирүүгө убада берген. Бул жардамы үчүн ал аялдан 500 АКШ долларын сураган.

20-сентябрда мурдагы мектеп директору депутат пара талап кылып жатканы тууралуу Мамлекеттик коопсуздук кызматына кабарлаган. 22-сентябрда прокуратура жана атайын кызматтын өкүлдөрү Олимжон Тухтаназаровду 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Олимжон Тухтаназаровдун камалганына 10 күндөн ашуун убакыт өтсө да, Өзбекстан Либералдык-демократиялык партиясы окуяга комментарий бере элек.

Быйыл май айында 50 жаштагы депутат Олимжон Тухтаназаров өлкө президенти Шавкат Мирзиёевди Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүү зарыл экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий