• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мирзиёевдин Европага сапары алдында Өзбекстанда Facebook менен YouTube иштеп калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. 14-январдан бери Өзбекстанда Facebook, YouTube жана Вконтакте социалдык түйүндөрүнүн иши жанданды.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, буга чейин Өзбекстанда тыюу салынган популярдуу мессенжерлер менен видеохостинг VPN-тиркемесиз жана прокси-серверлерсиз иштеп жатат.

Социалдык түйүндөргө ээн-эркин кирүүгө мүмкүн болуп жатканын өлкөдөгү бардык интернет-провайдерлердин колдонуучулары тастыктады.

Өзбекстанда Facebook социалдык түйүнү 2018-жылы сентябрдан тарта ачылбай, көйгөй жарата баштаган. Кийинчерээк YouTube видеохостингине кирүү дагы мүмкүн болбой калган.

20-22-январда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Германияга барат. Интернет колдонуучулар бул багыттагы өзгөрүүлөрдү дал ушул сапар менен байланыштырышууда.

Пикир

Оставить комментарий