• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мирзиёевдин КРдагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду - тизме

Саясат 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда кеңири камтылган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы Өз ара сооданын бажы статистикалык маалыматтары менен алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө Протокол;
  3. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө Протокол;
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Макулдашуу;
  8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага жакын райондорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
  10. 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө Протокол;
  11. 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол;
  12. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;
  13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  15. 2023-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;
  16. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  17. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  18. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  19. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  20. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  21. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  22. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандуму;

Бизнес-форумдун алкагында кол коюлган документтер:

  1. “Дастан ТНК” ААКсы менен «TOSHELECTRAPPARAT» ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча);

24. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы “Baxodir Log'on Tekstil” (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.

Пикир

Оставить комментарий