• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары аягына чыкты

Саясат 0

Бишкек, 06.09.17. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин КРге болгон иш сапары аягына чыкты. Аны президент Алмазбек Атамбаев “Манас” эл аралык аэропортунда узатты.

Иш чарада эки тараптын расмий делегаттары катышты. Мамлекеттик иш сапардын алкагында Атамбаев менен Мирзиеев эки тараптуу тар жана кенен чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Ошондой эле кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлуп, мындан аркы тыгыз кызматташуунун келечеги талкууланды.

Жолугушуунун аягында мамлекет башчылары басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.

Пикир

Оставить комментарий