• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мишустин Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин төрагалыгына дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Ал белгилегендей, Россия Федерациясын жана Кыргыз Республикасын достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат.

«Өкмөттүк линия боюнча биргелешкен активдүү иштер практикалык кооперацияны мындан ары чыңдоого, жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо катында.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматтагы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий