• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Михаил Мишустин Мариповду премьер-министр болуп дайындалышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Улукбек Мариповду Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

“Урматтуу Улукбек Асамидинович Сизди Россия Федерациясынын өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Россия жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып турат. Сиздин өкмөт башчысындагы ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык өз ара аракеттерди тереңдетүүнү шарттайт деп ишенем.

Урматтуу Улукбек Асамидинович Сизге чын ден соолук, жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат РФ өкмөтүнүн сайтындагы билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий