• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Миссиясы соңуна чыкты. Кулубаев БУУнун КРдагы туруктуу координаторун кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУ тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиелону анын Кыргызстандагы миссиясы соңуна чыкканына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кулубаев Озонния Ожиело БУУ тутумунун Кыргызстандагы алгачкы өз алдынча туруктуу координатору экенин, ошондой эле болгон кыйынчылыктарга карабай, анын БУУ мекемелери менен Кыргызстандын бийлик органдарынын ортосундагы кызматташуу механизмдерин жөнгө салганын белгиледи.

ТИМ башчысы ошондой эле Ожиелого БУУ мекемелеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн жардамы, өзгөчө COVID-19 пандемиясы учурунда жана 2020-жылдын октябрындагы саясий каатчылыктан кийин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

БУУ тутумунун туруктуу координатору ишмердүүлүгүн толугу менен КР өкмөтүн, мамлекеттик органдарын жана өлкөнүн калкын колдоого арнаганын билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда иштеп жатканда бир кыйла оор мезгилдер, ар түрдүү көйгөйлөр жана чакырыктар болгонун белгиледи.

Мындан тышкары, БУУнун тутуму ийкемдүү болууга жана улам пайда болгон кыйынчылыктарга натыйжалуу жооп кайтарууга болгон күчүн жумшагандыгын маалымдады. Ошол эле учурда Ожиело Кыргызстандагы бардык өнөктөштөрүнө, өзгөчө КР тышкы иштер министрлигине БУУ мекемелеринин өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев Озонния Ожиелого КР Тышкы иштер министрлигинин эстелик белегин тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий