• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Митингчилер Ак үйгө бет алышты. Милиция чогулгандарды таркатып жатат

Кырсык 0


Бишкек, 05.10. 20. /Кабар/. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митингге чыккандар Ак үйдүн жанына барды. Милиция чогулгандарды таркатып жатат.

Азыркы учурда болжол менен октун үнү угулууда. Ошондой эле көздөн жаш агызуучу газ колдонулгандыгын көрүүгө болот. Ак үйдүн тегерегинде күч органдары тизилип турат.

Белгилей кетсек, ИИМ буга чейин маалымат таратып, анда митингдин катышуучуларынын арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар экендигин билдирген.

Эске сала кетсек, "Ала-Тоо" аянтында күн мурун, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган митинг өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий