• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Митингчилер Алматыдагы президенттин резиденциясын басып алышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Митингчилер Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы резиденциясын басып алышты, деп маалымдайт Zakon.kz күбөлөргө таянып.

Мындан мурда «Власть» гезити бир нече миңдеген демонстранттар президенттин резиденциясынын аймагына кирүүгө аракет кылып жатканын жазган.

2022-жылдын алгачкы күндөрүндө Мангистау облусунун (Батыш Казакстандын мунай өндүрүүчү аймагы) Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган мунай газына болгон баанын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кырдаалды карап чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды. Ал 4-январда митингчилердин негизги талабын аткарып, газдын баасын арзандатууга даяр экенин билдирген.

Бирок нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылды. Өлкөнүн эң ири шаары болгон Алматыда 4-январдын кечинде жана 5-январга караган түнү демонстранттар күч органдары менен кагылышкан, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Токаев элди этият болууга, ичтен жана сырттан келген провокацияларга алдырбоого чакырды. Ал белгилегендей, жарандык жана аскердик кеңселерге кол салууга чакырыктар мыйзамсыз. Анын айтымында, “бийлик кулабайт”, бирок өлкөгө “жаңжал эмес, өз ара ишеним жана диалог керек”.

Президент 19-январга чейин Мангистау жана Алматы облустарында, ошондой эле Алматы жана Нур-Султан шаарларында өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Анда саат 7:00дөн 23:00гө чейин коменданттык саат киргизүү, массалык иш-чараларга жана иш таштоого тыюу салуу, курал-жарактарды, ок-дарыларды жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу, адамдардан курал-жарактарды жана ок-дарыларды конфискациялоо, өзгөчө маанилүү объектилерди кайтарууну күчөтүү каралган. Бул аймактарга жана Алма-Атага кирүү жана чыгууга чектөө киргизилип, документтерди текшерүү, адамдарды жана унааларды тинтүү белгиленген. 5-январь күнү эртең менен Токаев өкмөттү отставкага кетирип, министрлер кабинети өзгөчө нааразылык кырдаалга жол бергени үчүн күнөөлүү деп билдирди. Президент өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин Алма-Атада жана Мангыстау облусунда кырдаал акырындык менен оңдолуп жатканын белгиледи.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий