• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Митингчилерди таратуу. Жарадар болгондордун арасында Жогорку Кеңештин депутаты бар

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митингди таратуу учурунда эки киши жарадар болду, алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бар.

Белгилей кетсек, Жанар Акаев "Ата Мекен" партиясынын талапкери. БШКнын алдын ала берген маалыматына таянсак, партия парламентке өтпөй калды.

Ошондой эле дагы бир адам жарадар болгондугу маалым болду.

Мурда күч түзүмүнүн эки кызматкери жараат алгандыгы тууралуу кабарланган, аларга таш ыргытышкан.

Эске сала кетсек, кечээ, 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айткан жарандан бүгүн "Ала-Тоо" аянтына чогулган. Алар Ак үйдүн жанына барышкан. Милиция чогулгандарды таратууда.

Пикир

Оставить комментарий