• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2,3 млн евро. Мюнхенде таза алтындан балаты орнотушту

Дүйнө 0


Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Германиянын түштүгүндө таза алтындан жаңы жылдык балаты тургузулду. Анын жалпы наркы 2,3 млн. еврону түзөт.

Der Stern немец журналынын маалыматы боюнча, майрамдык балаты баалуу таштарды сатуу менен алектенген Pro Aurum компаниясы тарабынан чогултулган.

Балаты пирамида түрүндө тургузулуп, 2018 алтын тыйын менен кооздолгон. Салмагы 63 кг. Алтындан тургузулган балаты компаниянын Мюнхендеги имаратын 15-декабрга чейин кооздоп турат.

Видео Эл аралык Reuters маалымат агенттигине таандык, сүрөт Эл аралык The Associated Press маалымат жана жаңылыктар агенттигиники.

Пикир

Оставить комментарий