• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МКК 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун бере баштады

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун бере баштады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шашылыш режимде 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун үч саат, 2 күн, 4 күн жана 8 күндүн ичинде алууга болот. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы айырмаланат.

2020-жылдын үлгүсүндөгү 34 барактуу Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун баасы:

8 күн - банктын комиссиясы менен 2 300 сом.

4 күн - банктын комиссиясы менен 2 665 сом.

2 күн - банктын комиссиясы менен 3 010 сом.

3 саат - банктын комиссиясы менен 6 475 сом.

Атын жана улутун өзгөрткөндө:

8 күн - банктын комиссиясы менен 2 400 сом.

4 күн - банктын комиссиясы менен 2 765 сом.

2 күн - банктын комиссиясы менен 3 110 сом.

3 саат - банктын комиссиясы менен 6 575 сом.

Мамлекеттик алымды төлөгөндүктөн, бул кызмат 100 сомго кымбаттады.

Жоголгон жана жараксыз Кыргыз Республикасынын паспортун алмаштыруу

8 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2 500 сом.

4 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2 865 сом.

2 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 3 210 сом.

3 саат - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 6 675 сом.

Маалымат:

Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берет. Аны 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери коргойт, когнитивдик басып чыгаруу жана басмалар, суу белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, заманбап материалдар колдонулган. Лазердик технологиянын ыкмасы менен колдонулган жеке маалыматтары бар электрондук чип (түстүү фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оюмдарынын графикалык түзүлүшү) паспорттун негизги коргоосу болуп саналат.

Документтерди каттоо жана КРнын биометрикалык паспортторун берүү жашаган жерине карабастан каалаган калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт. Өндүрүү убактысы - 18 иш күнү. Паспорт 10 жылга жарактуу. Паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий