• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МКК: 30-сентябрдан 15-октябрга чейин биометрикалык маалыматтарды чогултуу убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 26.09.17. /Кабар/. Өлкө боюнча биометрикалык маалыматтарды чогултуу 30-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

“29-сентябрь биометрикалык маалыматтары жок, бирок шайлоого катышууну каалаган жарандар үчүн акыркы күн. 30-сентябрдан 15-октябрга чейин биометрикалык маалыматтарды чогултуу убактылуу токтотулат”,-деп айтылат маалыматта.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдык калкты тейлөө борборлору, паспорт столдор, автомобиль каттоо борбору, ЗАГС органдары, Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык түйүндөрүндө жана Бишкектин Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи май райондук акимиаттарынын имараттарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий