• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МКК биометрикалык маалыматтарды топтоо мобилдик тобунун ишин убактылуу жандандырат

Коом 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директору Дастан Догоев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына сапарынын жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

КР ММК басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында калкты тейлөө борборлорунун, жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнүн, паспорттук-визалык каттоо жана автомототранспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмдөрүнүн иши текшерилди.

Догоев МКК ведомстволук түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жарандарга орой мамиле кылбоого чакырды. “Мен сиздерди түшүнөм, калк менен иштөө кыйын. Бирок жарандарга кайталап айтканда да түшүнбөй жатса, өзүңөрдү кармап, орой мамиле кылбоого аракет кылгыла. Иш бөлмөңүздөн 2-3 мүнөткө тышка чыгып, таза аба менен дем алып алсаңыз да болот”, - деди Догоев.

Жергиликтүү бийлик менен жолугушуунун жүрүшүндө шайлоочулардын тизмесин тактоо, биометрикалык маалыматтарды топтоо жана калк арасында шайлоо тизмеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биометрикалык маалыматтарды топтоо мобилдик тобунун ишин убактылуу жандандыруу чечими кабыл алынды. “3 млн ашык кыргызстандык биометрикалык маалыматтарын тапшырганына карабастан, биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар дагы бар. Биометрикалык каттоодон өткүчө жаран шайлоо тизмесине түшпөйт. Ошондуктан жер-жерлерде кызматкерлерибиз каттоо жүргүзүүсү үчүн жабдууларды жөнөтүү зарыл. Мобилдик топтор 5-августка чейин иштешет”, - деди Догоев.

Пикир

Оставить комментарий