• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МКК биометрикалык паспорттуу донорлорду Кан борборунда каттоо маселесин чечти

Коом 0

Бишкек, 3.10.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы Республикалык кан борборунун ээсинин маалыматтары көрүнөө жазылбаган биометрикалык паспорттуу донорлорду кабыл алуу жана каттоо маселесин чечти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бүгүн РКБга программа коюлуп, ал МКК маалыматтар базасына кошулат.

Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучусу Республикалык кан борборуна кан тапшырууга келип, андан аны жашаган жери тууралуу маалымат үчүн Калкты тейлөө борборуна жиберишкенин билдирген. Кан борборунан алар кан аркылуу жугуучу кандайдыр бир инфекциялар аныкталган шартта аны табуу үчүн донордун дарегин билүүлөрү керектигин түшүндүрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий