• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МКК Бишкек мэриясына күндүзгү стационарлардагы тартипти түзүү үчүн 40 ноутбук, 30 термопринтерди өткөрүп берди

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек мэриясына 15 күндүзгү стационардагы тартипти түзүү үчүн 40 ноутбук, 30 термопринтерди өткөрүп берди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, жарандарга талон берилет. Медициналык кызматкерлер кезек менен чакырышат, талондордун номерлери тв-мониторлорунда визуалдуу көрүнүп турат.

“Кызматтын алдындагы “Инфоком” ишканасы тарабынан иштелип чыккан жана өлкөнүн калкты тейлөө борборлорунда 4 жылдан бери колдонулуп жаткан электрондук кезек системасы оффлайн режиминде иштөөгө ылайыкталган (анткени күндүзгү стационарлардын бардыгында эле интернет байланышы жок) жана кезекке туруунун эки категорияга ээ – консультацияга кезекке туруу жана тамчылатма дары алууга кезекке туруу”, - дейт ал.

Жеембаев кошумчалагандай, эпидемиологиялык абал кескин түрдө начарлап кеткендигине байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын бир катар бөлүмдөрү карантинге жабылды.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмү, Аламүдүн, Ысык-Ата, Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгал, Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Талас аймактык бөлүмү жана Военно-Антоновка айылындагы "Риом-авто" унаа базарынын аймагында жайгашкан бөлүмү 19-июлга чейин жабылды.

"Мындан сырткары, 6-июлдан баштап “Унаа” мекемесинин борбордук аппараты аралыктан иштөө режимине өттү. Ошондой эле бул күндөн тарта Бишкектеги Токтогул, 105 дарегиндеги Архивдик агенттиги да карантинге жабылган. “Унаа” мамлекеттик мекемесинен маалымат же кеңеш алуу үчүн 63 31 74, 63 39 31 номерлерине жана 119 кыска номерине кайрылуу керек”, - деди Жеембаев.

Пикир

Оставить комментарий