• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МКК чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар үчүн онлайн-кызматтарды ишке киргизет

Коом 0

Бишкек, 05.10.17. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү 25 консулдук мекемелеринде “Паспорт”, “ЗАГС”, “Гражданство” автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизет.

МКК басма сөз кызматы билдиргендей, бул демилге “Таза Коом” санариптик программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Белгиленгендей, көрүлгөн чаралар паспортко документтерди топтоо жана даярдоо боюнча мамлекеттик каттоо кызматтарын көрсөтүү процедураларын кыйла жөнөкөйлөштүрөт. Бул чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын паспорт алууга кеткен убактысын кыскартат.

Жаңы системаны киргизүү жарандык абал актыларын онлайн режиминде каттоого, КР жарандарынын идентификациялык номерлерин ыйгарууну жүргүзүүгө жана жарандык маселелер боюнча билдирүүлөрдү түзүүнү шарттайт.

КРнын аймагынан тышкары жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Visa жана MasterCard банктык карталары менен накталай эмеас төлөм жүргүзүү шарты түзүлгөн.

Ошентип, жарандарга МКК кызматтарын кыска мөөнөттө жана каржылык чыгымсыз колдонууга жеңил болот.

Ошондой эле МКК электрондук система менен толук кандуу иштөө үчүн 25 заманбап компьютердик кеңсе жабдууларынын комплектин, санариптик фотоаппарат, манжа издеринин сканерин, ЭКТ (электрондук кол тамга) берет. Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери МКК Окуу борборунда электрондук система менен иштөө боюнча окутуудан өтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий