• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МКК документтерди үйгө жеткирүү боюнча долбоор даярдоодо

Коом 0

Бишкек, 06.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылдын октябрь айынан тарта өлкөнүн бардык почта бөлүмдөрүндө паспорт менен камсыз кылуу үчүн атайын маалымат берүүчү күркөлөр иштей баштайт. Ошондой эле алар документтерди үйгө жеткирүү кызматын да көрсөтө башташат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев билдирди.

Аталган долбоор «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы каттоо кызматынын карамагына өтүүсүнүн алкагында иштелип чыккан.

“Учурда аталган долбоордун наркына байланыштуу маселе иштелип жатат. Биринчи кезекте ал даректин алыстыгына жана жеткирүүнүн тездигинен көз каранды болот”,-деди Догоев.

Пикир

Оставить комментарий