• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МКК: КР чет элдик паспортунун документтерин кабыл алууда бардык чектөөлөр алынды

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Коррупциялык тобокелдиктерге жана түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн Кыргызстандын жарактуу үлгүдөгү жалпы жарандык паспортунун документтерин кабыл алуудагы бардык чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чектөө Кыргызстандын жаңы биометрикалык паспортторун киргизүүгө байланыштуу убактылуу болгон.

Кыргызстандын жаранынын азыркы үлгүдөгү паспортун алуу үчүн документтерди кабыл алуу өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда жана аймактык паспорт бөлүмдөрүндө, ошондой эле КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде жүргүзүлүүдө.

3-майдан тарта КРнын жаңы үлгүдөгү чет элдик биометикалык паспортун алууга документтерди кабыл алуу башталат. Жаңы документтердин пайда болушу эски паспорттордун жарактуулугун токтоосуз жокко чыгарууга себеп болбойт.

Пикир

Оставить комментарий