• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МКК кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу зарыл

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев мекеменин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү маанилүү маселелерди талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Дастан Догоев коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен кызматташууга даяр экенин билдирди. “КБКнын аткара турган ишинин планы менен тааныштым. План актуалдуу жана шайкеш келтирилиптир. Айрым бөлүктөрүн ишке ашырууда каражат талап кылынат экен. Бирок, буга карабастан, алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга бардык күчүмдү жумшайм”,-деди Догоев.

КБК төрагасы Эркин Абдрахманов билдиргендей, алар ар бир айда МККнын ишин көзөмөлдөп тураарын билдирди. Өзгөчө анын структуралык бөлүмдөрүнүн аткарган ишин жана жарандар менен иш алып баруудагы ачыктык көзөмөлгө алынып турат. “Мындан тышкары ар дайым коомчулукка түйшүк жараткан маселелерди, сунуштарды көтөрүп, МКК кызматкерлерине жеткирип, ошол эле учурда аны чечүүнүн жолдорун издейбиз”,-дейт Абдрахманов.

Жолугушууда коомчулук мамлекеттик кызмат алууда кездешкен суроолор ошондой эле, аталган мекеме кызматкерлеринин жарандарга болгон орой мамилеси айтылды. Мындан тышкары кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселеси көтөрүлдү.

Өз кезегинде Дастан Догоев чындыгында эле аталган маселе бар экенин, учурда аны жоюу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. “Учурда кызматкерлерди окутуу боюнча борбор түзүүнүн аракетин көрүп жатабыз. Ал үчүн тиешелүү техникалар топтолду. Учурда ылайыктуу мекеме карап жатабыз. Ошондой эле, калкты тейлөө борборлорунун иштөө форматын жаңылантууга аракет көрүлүүдө”,-деди Догоев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Мамлекеттик каттоо кызматындагы маселелерди чечүү жолдорун талкуулап туруу чечимине келишти.

Пикир

Оставить комментарий