• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

МКК “Паспорт” тутумундагы кемчиликти жойду

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы “Паспорт” тутумундагы техникалык мүчүлүштүктөрдү жойду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине МКК басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Анын айтымында, 2-майдан бери мамлекеттик каттоо кызматында жаңы паспорттор бериле баштаган. 2017-жылдын аягына чейин аталган паспортторду бекер берүү чечимине ылайык, жаңы типтеги паспорт алууну каалагандардын саны көп болгон. Мындан улам борбордук база бузулуп калган.

“2-майдан бери эле жаңы паспорт алууну көздөгөндөрдүн саны 100 миңден ашкан. Бул базага өтө чоң жүк болгондуктан кечээ, база жакшы иштебей калган. Анткен менен учурда бардык техникалык токтоолор калыбына келтирилип, жарандарга паспорт берүү күндөгүдөй иштеп баштады”,-деди Эржигитов.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө чейин 60 миңден ашык жаран биометрикалык паспорт алган. 100 миңден ашык жаран паспорт алуу боюнча арызын таштаган.

Пикир

Оставить комментарий