• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МКК: Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн "МККнын кызмат көрсөтүүлөрү" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында, ошондой эле жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мобилдик тиркемесинде жаңы функция ишке кирди.

"Аталган функционалдын жардамы менен кыргызстандыктар өздөрүнүн шайлоо участокторунун номерин жана дарегин тактай алышат. Тиркеме Андроид платформаларындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Play Market`тен "МККнын кызмат көрсөтүүлөрү" тиркемесин көчүрүп алуу жана "УШКнын дарегин текшерүү" бөлүгүнө кирүү жетиштүү болот. iOS ыкчам тутуму менен болгон телефондордун колдонуучулары үчүн тиркеме кийинчерээк жеткиликтүү болмокчу", - деп айтылат маалыматта.

Мобилдик тиркемени "Инфоком" мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан.

Шайлоочулар тизмесинен өзүн дагы кантип текшерүүгө болот?

- шайлоо участогуна барып;

- "Тизме" порталынан, www.tizme.gov.kg шилтемеси боюнча кирүү менен;

-МККнын Call-борборуна "119" номери боюнча чалып (чалуу акысыз).

- өзүнүн идентификациялык жеке номерин (ИЖН) көрсөтүп, 119 номерине СМС менен жөнөтүп.

Пикир

Оставить комментарий