• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Техникалык себептерден улам айрым калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги убактылуу өзгөртүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-апрелинде техникалык себептерден улам Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 381дарегиндеги 4-КТБ, Ош шаары, Ленин көчөсү 318 дарегиндеги 1- КТБ, ошондой эле «Азия-молл» соода-көңүл ачуу борборундагы жана ЖЭБдин маңдайында жайгашкан «Глобус» гипер маркетиндеги кичи калкты тейлөө борборлору саат 19:00 жана 22:00 чейин эмес, саат 18: 00 гө чейин гана иштешет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1, 2-майда аталган даректердеги кичи КТБлору иштебейт. Алардын иши ушул жылдын 4-майында улантылат.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек жана Ош шаарларындагы эки калкты тейлөө борборунун ишин 22.00гө чейин узартуу боюнча пилоттук долбоорду баштаган. Долбоор ушул жылдын 10-июлуна чейин жүргүзүлөт. Жарандарга ыңгайлуу болуу үчүн Бишкекте эки кичи КТБлору дем алыш күндөрү саат 10: 00дөн 19: 00гө чейин иштешет.

Пикир

Оставить комментарий