• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

МКК унаа ээлерин транспорттук каражаттарын өздөрүнө каттатууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. КР Мамлекеттик каттоо кызматы акыркы убакта ишеним кагазы менен транспорттук каражаттарды кайра каттоо маселеси менен кайрылгандардын саны өскөнүн билдирет. Ошону менен бирге ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бул транспорттук каражаттар издөөдө, камакта, күрөөдө жана башка чектөөлөрдө турган учурлар көп кездешет.

Буга байланыштуу МКК унаа ээлерин милдеттүү түрдө унааларын кайра каттатууга чакырат. Анткени ишеним кагазы менен унаа каттаткан көпчүлүк жарандар ар түрдүү маселелерге туш болушат. Алсак, унааны мураска алууда көйгөй жаралат. Себеби унаа ээси каза болгон шартта ишеним кагазы күчүн жоготот. Мындан тышкары унаа ээсинин салык жоопкерчилиги бар.

Пикир

Оставить комментарий