• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МККнын башчысы Т.Сарпашев анын кызматтан кетиши кимдерге пайдалуу экендигин айтты

Коом 0

Бишкек, 13- февраль /Кабар/. Мамлкеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, анын МККнын башчылыгынан кетишин шайлоолорду “эски” схема менен өткөрүүнү көздөгөн айрым президенттик кызматка талапкерлер каалап жатышат.

Т.Сарпашев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өлкөдөгү шайлоо системасынын реформасынан улам КРда шайлоолор ачык-айкын өтүп калгандыгын белгиледи.

“Азыр шайлоолор “бир адам – бир добуш” принцибинде өтүүдө. Бул айрым саясатчыларга, айрыкча президенттикке талапкерлерге жакпай жатат. Шайлоонун ачыктыгы, шайлоого таасир эте албастыгы алардын тынчын алууда. Алар шайлоолорду “эски” схема менен өткөрүүнү каалашат”,-деди Т.Сарпашев.

МККнын башчысы муну уюштургандардын чыныгы жүзү акыры ачыкка чыгаарына ишене турганыдыгын билдирди.

Ошону менен бирге ал МККнын маалымат базасы бекем корголгондугун белгиледи.

“Базаны бузуу мүмкүн эмес. Ошондой эле, шайлоонун жыйынтыктарына таасир этүү да мүмкүн эмес. Мени иштен кетирүүнү каалагандар шайлоолорго таптакыр таасир этүүгө болбостугун түшүнбөй жатышат”,-деп айтты МККнын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий