• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МКТ санариптик чакыруулары жана индустриядагы мүмкүнчүлүктөрү негизги темалардын бири болуп саналат - Мухамметкалый Абулгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. «Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын санариптик чакыруулары жана индустриядагы мүмкүнчүлүктөрү негизги темалардын бири болуп саналат. Биздин максат мындан аркы өнүгүүнү жөн гана талкуулап койбостон, инновациялык технологиялардын мындан аркы ийгиликтүү алдына жылуусуна шарттарды иштеп чыгуу», – деди Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев кечээ, 20-февралда МКТ айланасындагы бизнес тармагындагы маселелерди талкуулаган тегерек столдо. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда электрондук төлөө системаларын жөнгө салуу, жергиликтүү компанияларга жеңилдиктерди берүү, МКТ айланасындагы мамлекеттик жана жеке менчик интернет-провайдерлердин салык төлөө маселелери талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тармактагы маселелерди чечүүдө бийлик структуралары менен маалыматтык технологиялар бирикмесинин өкүлдөрүнүн ортосунда «салыштыруу позициялардын» маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Маалыматтык технологияларды жайылтуу шарттарында туруктуу өнүктүрүүнүн пайдалары үчүн, чоң адамдардын саны мурдагыдай эле четте калууда», – деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Ал белгилегендей, максималдуу ийгиликтерге жетишүү үчүн технологияны өнүктүрүүгө тиешелүү шарттарды түзүү керек. Бул бардык аттандаштыкта жана жөнгө салуудагы ачык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган: санариптик сабаттуулук, эффективдүү жана натыйжалуу отчет берген ачык-айкын мамлекеттик институттарды камсыз кылган – мыйзамдуулук.

«МКТ тармагындагы долбоорду ишке ашырууда санариптик дивиденддерди бардыгы алат – бизнес үчүн экономикалык өсүү, мындай сапаттуу тейлөөдөн элдер үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн эффективдүүлүгү ачыктык жана отчеттуулук», – деди Биринчи вице-премьер-министр.

Мухамметкалый Абулгазиев ошондой эле Өкмөт МКТ чөйрөсүнүн ишмердүүлүгүнө ар тараптан көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий