• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ММА мелдешинде кыргызстандык атаандашын биринчи турда накаутка кетирди

Спорт 0


Бишкек, 15-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Рафаэль Физиев ММА боюнча Кореяда өткөн эл аралык турнирде атаандашын биринчи раундда накаут менен жеңди.

Турнир Кореянын борбор шаары Сеулда 10-июнда өттү. Программада 13 таймаш болгон.

Кыргызстандык Физиев 70 кг чейинки салмакта Түштүк Кореянын спортчусу Сенг Ен Ким менен беттешип, аны биринчи таймда жеңген.

Рафаэль Физиев - тай боксу боюнча Кыргызстандын жана Казакстандын бир канча жолку чемпиону. Ал Таиланддагы “Phuket Top Team” аталышындагы белгилүү бокс клубу менен келишим түзгөн.

Видео: Road Fighting Championship.

Пикир

Оставить комментарий