• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ММА мелдешинде мушкер кыз каршылашынын колун сындырып алгандагы видеосу

Спорт 0


Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Мексикада өтүп жаткан ММА мелдешинде америкалык мушкер Перл Гонсалес каршылашы Лилиане Борханын колун сындырып алгандыгы тууралуу РИА Новости жазат.

Гонсалес каршылашынын колун кайруу ыкмасын колдонуп жатканда Борха чыдабай жеңилгендиги тууралуу билдирген. Гонсалес Борханын колун кое бергенде анын чыканагында жаракат бар экенин байкап, калыстын көңүл буруусун белгилеген. Беттештен кийин жаракат алган мушкер каршылашына таймаш үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Ошондой эле америкалык мушкер өзүнүн Instagram баракчасынан каршылашынан кечирим сурап, тезирээк сакайып кетүүсүн жазган.

33 жаштагы Перл Гонсалес 14 беттеш өткөрүп, анын онунда жеңишке жеткен.

Пикир

Оставить комментарий