• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик каттоо кызматы төрт айда 440 миң кызмат көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Быйылкы жылдын 4 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп, башкача айтканда 251 миң 750 даана eID паспорт даярдалган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ушул мезгилинде болгону 129 миң даана паспорт чыгарылган. Мындай көрсөткүч пандемиянын башталышы жана Кыргыз Республикасында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши менен байланыштуу.

Мындан тышкары, жылдын башында 102 миң жалпы жарандык паспорт, дээрлик 46 миң туулгандыгы жөнүндө жана 16 миң нике күбөлүгү берилген.

“Ошондой эле ушул 4 айда калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызматкерлери тарабынан жалпысынан 23 миңден ашуун ажырашуу, аты-жөнүн өзгөртүү жана өлүмдү каттоо жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

МКК 2021-жылдын январдан апрелине чейин калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары жаатында 440 миң кызмат көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий