• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ММБФ бала бакчаларды кайтарып алуу тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргызтандагы 72 бала бакчанын имаратында мамлекеттик органдар бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги эки бала бакча азыр бошотулуп жатат, мындай иштер облустарда өкмөттүн өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүүдө.

“Башкы прокуратуранын жардамы менен 89 имарат бошотулган. Ошондой эле биз бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча 6 сотко катышып жатабыз. Бала бакчалар боюнча маселелер биздин эле эмес, президенттин жана премьер-министрдин дагы көзөмөлүндө турат”, - деди ал.

Түлөбердиев мындай маселелерди бир күндө чечүү мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

“Бул бала бакчалардын имараттарында отурган мамлекеттик органдарды бир жерге көчүрүү керек”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий