• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ММБФ башчысы “Мүлк” МИ эмнеге түзүлгөндүгүн түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 23-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков “Мүлк” мамлекеттик ишканасынын эмнеге түзүлгөндүгүн түшүндүрдү. “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда ал ММБФ мамлекеттик орган болуп туруп, өзүнүн балансында объекттерге ээ болуп, аларды башкара албайт.

“Же мамишкана, же акционердик коом башкара алат. Биз мамлекеттик ишканаларды же АКтарды башкарабыз. Учурда “Мүлк” конфискацияланган мүлктөрдү башкаруу менен алектенет. Мисалы, “Караван-1” жана “Караван-2” соода борборлору. “Мүлк” МИси өкмөттүн чечими менен түзүлгөн. Ал эми анын жетекчиси премьер-министрдин буйругу менен дайындалган”, - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, Болсунбек Казаков “Мүлк” Нариман Түлеевден конфискацияланган ДосКредоБанкта жайгаша турганын билдирди.

“Бирок алар ал жакта жайгашуусу үчүн, буга чейин отургандар бошотуп кетүүлөрү керек. Азыр ММБФда “Мүлктүн” башкаруу органдары түзүлүп жатат”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, бүгүн маалымат жыйынынын жүрүшүндө “Кыргыз темир жолу” МИнин профсоюзчулары Б.Казаков жетектеген ММБФ “Мүлк” МИ менен бирге коррупциялык схема түзүп жатат деп билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий